• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош: ипотекалык багыттагы үйлөр шаар күнүндө тапшырылат

Аймак 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Ош шаарында ипотекалык багыттагы үйлөрдү шаар күнүнө карата тапшыруу пландаштырылууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов тийиштүү кызматтар менен биргеликте шаарда курулуп жаткан ипотекалык багыттагы көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштеринен кабар алды.

Алгач Курманжан Датка №121 дареги боюнча салынып жаткан 9 кабаттуу үйгө барды. Аталган көп кабаттуу үй 80 батирлүү, учурда курулуш иштеринин 70% бүткөн. Айта кетсек, 1 бөлмөлүү – 32, 2 бөлмөлүү - 32, ал эми 3 бөлмөлүү - 16 батир жайгашкан. Курулуш иштери 2019-жылдын август айында башталган.

Андан соң, Достук кичи районундагы №83 көчөсүндөгү, №25 үй дарегиндеги 9 кабаттуу 90 батирлүү ипотекалык турак үйүнүн курулушун көрдү. Азыркы учурда жалпы курулуш иштеринин 85 пайызы аткарылган. Аталган көп кабаттуу үйдө 1 бөлмөлүү батирден - 38, ал эми 2 бөлмөлүүдөн – 34, 3 бөлмөлүү – 18 батир бар.

Шаар башчысы Алмаз Мамбетов жөнөкөй муниципалдык кызматкерлер үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экендигин белгилеп, мындан ары бул иш токтобой уланыш керек деп кошумчалады. Ошондой эле куруп жаткан компанияларга сапаты жагына жакшы көңүл буруу зарыл деп, каттуу талаптарын койду.

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын башчысы Кутманалы Абдырахман уулу учурда шаарда үч көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери кызуу жүрүп жаткандыгын айтып, шаар күнүнө карата эки көп кабаттуу үйдү бүтүрүп, шаардыктарга тапшыруу пландары бар экендигин кошумчалады.

Ошондой эле азыр ипотекалык багытта үй алууну көздөгөн 1700дөн ашуун шаар тургундары тизмеде тургандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, Көкүм-Бий көчөсүнүн №100 А дарегинде дагы бир көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат. Ал 9 кабаттуу болуп, 45 батирлүү.

Ошондой эле муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан үлүштүк багытта көп кабаттуу үйлөрдү куруу долбоорун ишке ашыруу пландаштырылууда. Анын алкагында бир 12, эки 9 көп кабаттуу үйлөр курулат.

Пикир

Оставить комментарий