• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ош-Иркештам унаа жолундагы кырсыктан 1 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 06.12.18. /Кабар/. Ош-Иркештам унаа жолундагы кырсыктан бир жаран каза болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ош облусунун жол коопсуздугун камсыз кылган бөлүмүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-декабрда Ош-Иркештам унаа жолунун 18-чакырымында болжол менен саат 16:30дар чамасында “Тойота Авенсис” унаасы токтоп турган “Скания” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны сүзгөн. Унаанын 32 жаштагы А.К., аттуу айдоочусу алдыда жүрүп бара жаткан унааны айланып өтөм деп, рулду башкара албай калып, жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу 27 жаштагы О.Т., аттуу жигит болгон.

Кырсыктын кесепетинен Ноокат районунун 1986-жылкы 32 жаштагы жараны каза болгон. Жеңил автоунаанын башка жүргүнчүлөрү райондук ооруканага жеткирилген, алардын ичинен төртөө Кара-Суу районунун жашоочулары жана Кытайдын 51 жаштагы Лиу Ченг Жлие аттуу жараны болгон.

Аталган кырсык боюнча тиешелүү экспертиза дайындалып, иликтөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий