• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош-Иркештам жолунда кырсыкка учураган Кытайдын жараны каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 06.12.18. /Кабар/. Ош-Иркештам унаа жолундагы кырсыктан жабыркаган Кытайдын жараны ооруканадан каза болгон. Бул тууралуу КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты..

Маалыматка ылайык, кырсык болгондон кийин Ош облустук ооруканасына төрт киши жеткирилген. Жаракат алгандардын бири Кытайдын жараны Лиу Ченг Жлие оор жаракат алып, операция жасагандыгына карабастан каза болгон.

Жабыркаган башка жарандар реанимацияда дарыгердин көзөмөлүндө.

Эске сала кетсек, 5-декабрда Ош-Иркештам унаа жолунун 18-чакырымында жол кырсыгы катталып, 5 адам жабыркаган. "Тойота Авенсис" үлгүсүндөгү жеңил автоунаанын айдоочусу токтоп турган "Скания" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны сүзүп алган.

Пикир

Оставить комментарий