• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош - Исфана трассасында унаа оодарылып, 31 жаштагы жигит каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 223-чакырымында Hyundai Solaris унаасынын айдоочусу рулду башкара албай оодарылып кеткен.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык 8-декабрда болжол менен менен таңкы саат 07:45те катталган.

Кырсыктан 31 жаштагы жигит каза болгон. Жерине ӨКМдин куткаруучулары барып, маркумдун сөөгүн унаадан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий