• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош – Исфана жолунда Honda Fit унаасы жолдон чыгып, оодарылып кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Баткен облусунда 30-сентябрда саат 01:00дөр чамасында Ош-Баткен-Исфана жолунун 318-чакырымында Honda Fit автоуунаасынын айдоочусу рулду башкара албай кырсыкка кабылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар тартылып, унаада кыпчылып калган айдоочуну чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий