• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош-Исфана жолундагы кырсыктан эки адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Ош-Исфана эл аралык маанидеги унаа жолунун 24-чакырымында кечээ, саат 23:00дө чамасында жол кырсыгы катталып, эки адам каза болгон. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык Ноокат районунун Өсөр айыл аймагында болгон.

“Deo matiz” үлгусүндөгү унаанын айдоочусу Ноокат районунун тургуну 1961-жылкы Ш.К. аттуу жаран унаасын батыштан чыгышты көздөй башкарып келе жатып, ошол эле багытта келе жатып бузулуп токтоп туруп калган “Volvo TH12" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны сүзүп калган.

Жыйынтыгында жеңил унаанын ичиндеги жүргүнчү 1932-жылкы Ш.С. аттуу жаран кырсык болгон жерде каза болгон.

Ал эми унаанын айдоочусу оор абалда ооруканага жеткирилип, ошол жактан көз жумган.

Аталган факты боюнча райондук ИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий