• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош күзгү-кышкы жылытуу мезгилине толугу менен даяр

Аймак 0

Бишкек, 25.10.17 /Кабар/. Бүгүн, 25-октябрда Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны болуп өттү. Ага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, коллегиянын мүчөлөрү, шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери жана аймактык кеңештердин төрага, төрайымдары катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, коллегиянын күн тартибинде Ош шаарынын экономика тармактарын жана калкын 2017-2018-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилине даярдоо иштеринин абалы жөнүндө маселе каралып, талкууга алынды.

Шаардын вице-мэри Асылбек Топчубаев бүгүнкү күндө Ош шаары күзгү-кышкы жылытуу мезгилине толугу менен даяр экендигин билдирип, жылытуу мезгилине карата болгон даярдык боюнча маалымат берди.

“Оштогу жылуулук электр борборунда 2017-жылдын 16-октябрына карата 3 даана буу казандар толугу менен кароодон өткөрүлүп, жылуулук берүүгө даярдалды”,-деди ал.

Саламаттыкты сактоо тармагындагы 31 мекеме 2017-2018-жылдардагы күзгү-кышкы өнөктүгүнө даярдык көрүү иштери, толугу менен бүткөрүлүп, жылуулук алууга даяр.

Ош шаардык жолдор башкармалыгы тарабынан 2017-2018-жылдардагы кыш мезгилинде жолдорду кардан тазалоо жана тайгактарына каршы инертүү материалдарды даярдоо боюнча 2017-жылдын 20-октябрына карата 43 (кырк үч) атайын техника, 235.0 тонна туз жана 290 тонна туз жана 500,0 инертик материалдар даярдалган. Кыш мезгилинде жолдорду өз убагында тазалоо жушутарын жүргүзүү максатында Ош шаардык жолдор башкармалыгы 5 ишкана менен келишим түзүп, ар бир ишканага тиешелүү аймактар бекитилип берилди”,-деп маалымдады вице-мэр.

Пикир

Оставить комментарий