• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош: Кара-Кулжа районунда бир нече айылды сел суулары каптады

Кырсык 0

Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда бир нече айылды сел суулары каптады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа районунда 11-май күнү саат 05:20лар чамасында жааган жаандан улам кокту-колоттордон келген сел суулары “Жаңы-Моңол” жана “Эски Моңол” каналдарынан ашып, Ак-Кыя, Сары-Булак, Кара-Кочкор айылдарда жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун каптаган. Андан тышкары, Мырзаке-Кара-Кулжа–Алайку унаа жолунун 10-17-20-чакырым аралыктары кум шагылга толгон, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаратууда.

Жеринде КР ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы А.Сулайманов жетектеген ыкчам топ жана Кара-Кулжа райондук бөлүмүнөн 22 куткаруучу, 1 өрт өчүрүүчү унаа, айыл аймактан 3 жүктөгүч жана 5 экскаватор тартылган.

Куткаруучулар Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолун ачып, учурда жабыркаган айылдарды тазалоо иштери уланууда.

Эскерте кетсек, 8-майда саат 23:00дө чамасында каттуу жааган жандан Кара-Кочкор айыл аймагынын Ак-Кыя, Сары-Булак, Кара-Кочкор айылдарында сел жүрүп, турак үйлөрдүн короо жайларын, социалдык объектилерди, ички чарбалык унаа жолдорду жана сел өтүүчү Сары-Булак, Нура Атакул каналдарын кум-шагылга толтурган.

Пикир

Оставить комментарий