• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош-Казань түз аба каттамы 29-октябрда ачылат

Коом 0

Бишкек, 16.10.18 /Кабар/. 29-октябрда Казандан Ош шаарына жаңы аба каттамы ачылат. Ошондой эле октябрдын аягынан тарта Казандан Душанбеге болгон каттамдардын ырааттамасын өзгөртүү пландалууда.

“Казань шаарынан Ошко каттамдар дүйшөмбү күндөрү саат 11де, Оштон Казанга учуу жекшемби күндөрү 21:55те болот. Учуунун узактыгы 3 сааттан бир аз көбүрөөк болот, Кыргызстандын сааты Москва саатынан 3 саат алдыда”, - деп билдирет Казань шаарынын мэриясы.

Каттамдар “Урал аба жолдору” компаниясы тарабынан ишке ашырылат.

28-октябрдан тарта Казандан Душанбеге учууну ишке ашыруунун графиги алмашат. Каттамдар дүйшөмбү күндөрү ар бир аэропорттун жергиликтүү сааты боюнча Казандан саат 00:40та, Душанбеден 07:15те ишке ашырылат.

Учуулар 160 орундуу Airbus A320 учактарында ишке ашырыларын “Казань” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий