• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош: Өкмөт тарабынан берилген 80 тонна ун муктаждарга таратыла баштады

Аймак 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Өкмөттүн мамлекеттик материалдык резервдик фондунан Ош шаарындагы аярлуу катмардагы муктаж үй-бүлөлөргө жалпы 130 тонна (2600 кап) ун бөлүнгөн. Бөлүнгөн жардамдын алгачкы партиясы – 50 тонна ун Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгында каттоодо турган 605 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, 395 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 5-апрелде бөлүштүрүлүп берилген. Жалпы 1 миң адамга 1 каптан ун берилген.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 10-апрелде калган 80 тонна ун муниципалдык аймактык башкармалыктарга берилди.

Комиссиянын чечими менен ар бир муниципалдык башкармалыктардагы 200 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө (каттоосуна карабай учурда шаарда жашап жаткандар), 1 миң 151 бала кезинен мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, 617 мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөргө 25 кг дан жана 54 социалдык камсыздоого укугу жок улгайган жарандарга 14 кг дан (800 кг) таркатылып берилет.

Пикир

Оставить комментарий