• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ош коогалаңында каза болгон Адилбек Султановдун айкели айылындагы мектепке орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 16.10.21. /Кабар/. Кара-Суу районунун Каратай айылында милициянын полковниги Адылбек Султанов атындагы мектепте Султановдун айкели орнотулду. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, айкелди ачуу аземине милициянын отставкадагы генерал-майору Сүйүнбек Ѳмүрзаков, Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын начальниги Жеңишбек Абитов, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын ардагерлер кеңешинин тѳрагасы Курсанбек Камчиев, Кара-Суу РИИБдин начальниги Арабидин Акунбековдор жетектеген Кара-Суу РИИБнин ѳздүк курамы жана Адыл Султановдун жакын туугандары жана жердештери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө анын ачылышына арналган тасма кесилип, гүлчамбар коюлуп, маркумдун арбагына арналып куран окулду. Андан соң иш-чарага келгендер Адилбек Султановду эскеришип, анын элеси мекендештеринин эсинде түбөлүк сакталарын баса белгилешти.

Иш-чара Кара-Суу РИИБдин ѳздүк курамынын салтанаттуу саптык жүрүшү менен аягына чыкты.

Белгилей кетсек, Султанов Адилбек Карабаевич 2010-жылдын 13-июнь күнү Ош коогалаңында улуттар аралык кагылышуунун алдын алуу, эки улуттун ынтымакчылыгын бекемдѳѳ максатында кызматтык милдетин аткарып жаткан мезгилде чагымчыл кылмышкерлер менен күрѳшүү учурунда баатырларча курман болгон.

Анын ысмы ѳзү тѳрѳлүп ѳскѳн Каратай аылындагы орто мектепке жана ѳмүрүнүн акырына чейин жетектеген Ош облусундагы Кара-Суу райондук ички иштер бѳлүмүнѳ ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий