• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош: "Кооптуу" электр мамычалары алмаштырылууда

Аймак 0

Бишкек, 31.05.19. /Кабар/. Ош шаарынын четиндеги 219-кварталдын көчөлөрүнө электр мамычалары орнотулууда. Буга чейин тургундар жыгачтан жасалган мамычалар аркылуу электр тогун тартышкан, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Бул көрүнүш кооптуу экенин айткан Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тиешелүү кызматтарга тапшырма берген.

“Мэрдин протоколдук тапшырмасы менен 219-кварталдагы эки көчөгө электр мамычалары орнотулууда. Мэрия тараптан электр мамычалары берилди. Жергиликтүү эл да карап турбастан мамычаларын жарымын алып беришти”, - деди Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгын башчысы Х. Исмаилов.

Пикир

Оставить комментарий