• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош Кореянын шаарлары менен кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 28.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 28-сентябрда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев Корея Республикасынын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Ха Тэ Ек менен жолукту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында С. Турдуев эл аралык мамилелер, достук келишими бар шаарлар менен болгон кызматташуу туурасында кенен токтолду.

"Кореянын шаарлары менен билим берүү, саламаттык сактоо тармактарында кызматташууга даяр экендигин билириди. Ал эми Корея Республикасынын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Ха Тэ Ек мырза эки мамлекеттин кызматташуусунун алкагында жүрүп жаткан иштерге токтолуп, Ош шаарында да ар тараптуу иш-чараларды өткөрүүгө кызыктар экендигин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий