• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош: Кыргызстандык мигранттарды иш менен камсыздоого багытталган чет өлкөлүк ишкана менен келишимдер түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. Кечээ, 18-декабрь күнү Ош шаарында мигранттардын эл аралык күнүнө карата “Мигрант: кечээ, бүгүн жана эртең” аттуу форум болуп өттү. Ага Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров, Мамлекеттик миграция комитетинин төрагасы Болотбек Ибраимжанов жана Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, райондо жана шаарларда жайгашкан мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери, чет өлкөлүк ишканалардын өкүлдөрү, эл аралык бейөкмөт уюмдар жана жеке ишкерлер катышты.

Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров чет өлкөлөргө ар кандай негиздер менен чыгып жаткан шаар тургундарына түшүндүрүү иштери байма-бай жүрүп жаткандыгын белгилеп, алардын үй-бүлөсүн колдоо багытында да долбоорлор ишке ашып жаткандыгын белгилеп өттү.

Форумдун алкагында кыргызстандык мигранттарды иш менен камсыз кылуу үчүн Мамлекеттик миграция комитети менен Россиянын “Мегатекс”, Креянын “HRD Korea”, Түркиянын “Тайга”, Болгариянын “Интернобмен Болгария” жана Россиянын “Спецсервис” ишканаларынын ортосунда келишим түзүлүп, аталган ишканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда кол коюлду.

Андан соң, форумда кыргызстандык мигранттардын укугун коргоо, алардын үй-бүлөсүнө жардам берүү, жумуш менен камсыздоо багытындагы талаптар жөнүндө бейөкмөт уюмдар тарабынан аткарылып жаткан долбоорлор туурасында сөз болду.

Белгилей кетсек, аталган форум 18-декабрь - Мигранттардын эл аралык күнүнө карата уюштурулуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий