• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош - маданияттын, цивилизациянын очогу. Мэр Мамбетовдун куттуктоосу

Аймак 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Мэр Алмаз Мамбетовдун куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Урматтуу шаардыктар!

Урматтуу шаарыбыздын меймандары!

Бүгүн маданияттын, цивилизациянын очогу болгон ордолуу Ош шаарыбызда чоң салтанат - сүйүктүү шаарыбыздын 3021 жылдык майрамы. Ушул кылым карыткан шаарыбыздын жашына арналган салтанаттуу күнүбүз менен жалпыңыздарды Ош шаарынын мэриясынын жана көп улуттуу калкыбыздын атынан чын дилден куттуктайм.

Шаар күнү биз үчүн жөн гана катардагы күн эмес. Бул күн бай тарыхы, кайратман эли бар, шаардын дал ортосунда ыйык Сулайман-Тоосу орун алган, шаарды аралап, керемет “Ак-Буура” дарыясы аккан, улуу бабабыз Бабур суктанган саябан бактуу, жайы салкын, көз жоосун алган сүйүктүү кооз шаарыбыздын майрамы.

Көп улуттуу Кыргыз Республикабыз көз карандысыздыкка ээ болгон жылдардан бери эле шаарыбыз жүрөк толкуткан кубанычтуу да, көңүл чөгөргөн ар кандай аянычтуу окуяларды да башынан кечирди.

Жакшылыкка жар болуп, башыбызга түшкөн ар кандай оор күндөрдү акылман элибиздин биримдиги, ынтымагы, сабырдуулугу менен жеңип келдик.

Быйылкы жыл, бүгүнкү майрам – шаар тургундарынын достугу, байгерчилиги менен коштолуп, өнүгүүнүн түз жолуна түшкөндүгүбүздүн жышааны катары сезилип тургандыгы менен айырмаланат.

Эмгекчил элибиздин салык төлөмдөрүнүн, ишкерлердин ак эмгегинин, инвесторлор менен ийгиликтүү жүргүзүлгөн иш-аракеттердин акыбети кайтып, шаарыбыздын казынасы күндөн-күнгө өр тартып, калкыбыздын социалдык маселелерин чечүүгө, жолдорубузду оңдоп, мектеп, балдар бакчаларын көбөйтүүгө, спорт аянтчаларды, эс алуучу жайларды курууга өбөлгө түзүлүп жатат. Бирок дагы да чече турган негизги приоритеттүү иштер алдыда.

Өлкө - аймактары менен күчтүү демекчи, Ош шаары керемет жердин эшиги болууга тийиш. Ош шаарынын башчысы катары дайындалганыма эки айдын жүзү болду. Жаралган көйгөлөр менен үстүртөн тааныш болсом азыр тереңдеп байкап, жеринен көрүп келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Жакшы кадамдар, илгерки үмүттөрдү максат кылып шаардагы баардык ишканалардын кызматкерлери менен биргеликте ал жаралган маселенин чечүү жолдорун таап, шаардыктардын жыргалчылыгы үчүн тынымсыз иштөө багытын койдук.

Ош шаарынын өзүнчө брендин түзүп, мыкты жарнамалар менен туристтерди чакырып, инвесторлорду тарталы деген максаттар бар. Социалдык курулуштарды көбөйтүүгө, жаан-чачын учурунда таза суу берүүдөгү көйгөйдү чечип, таза шаар макамына татыктуу болууга ашыгалы.

Келиңиздер, бирдиктүү, ынтымактуу болууга бүт күч аракетибизди жумшайлы, шаарыбызды өнүктүрүүгө ар бирибиз өз салымыбызды кошолу.

Урматтуу кадырман калкым, Ош шаарынын күнү менен Ош шаарынын мэриясынын жана шаарыбыздын тургундарынын атынан дагы бир ирет чын жүрөктөн кызуу куттуктап, баарыңыздарга майрамдык маанай каалаймын.

Кереметтүү Ош шаарыбыз нурга бөлөнө берсин. Үй-бүлөңүздөр менен бейпил турмушта жашап, «Мен Ош шаарынын тургунумун, мен Кыргызстандын жаранымын», - деген ыйык сөзгө татыктуу бололу.

Шаарыбыз гүлдөп өсүп, өнүгө берсин!»

Пикир

Оставить комментарий