• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош: Май куюучу жайдагы өрттөн жабыркаган жарандын абалы оор

Аймак 0

Бишкек, 20.03.19. /Кабар/. Оштогу май куюучу жайдагы өрттөн бир адам жабыркаган. Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, жабыркаган жарандын абалы оор, бирок, туруктуу.

"Денесинен күйүк алган. Шаар мэри Т. Сарыбашов жабыркаган жарандан кабар алып, дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүнө алына турганын айтты. Шаардагы май куюучу жайлардын коопсуздугу текшерилет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн, 20-мартта болжол менен саат 20:16лар чамасында Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичирайонундагы Исанов көчөсүндө жайгашкан май куюучу жайдан өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Жерине 5 бөлүм тартылган.

ӨКМден билдиришкендей, өрт саат 22:10до чектөөгө алынган. Учурда өрттү толугу менен өчүрүү иштери жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий