• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 5 кабаттуу жаңы окуу корпусу курулууда

Коом 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде (ОшМПУ) 5 кабаттуу жаңы окуу корпусу курулууда. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, имарат 2021-жылдын декабрь айында курулуп баштаган. Имаратты куруу иштерине каражат окуу жайдын өз эсебинен жумшалууда.

Учурда имараттын жертөлөө бөлүгүнө колонналар тургузулуп, аларга бетон куюу иштери жүрүп жатат. Курулуш иштери максималдуу тез убакытта жүрүп, 2 жылга пландалган убактысынан да эрте бүтүүсү күтүлүүдө.

“Окуу жайга тапшырган студенттердин саны арткандыктан, кааналар жетишпей, жаңы имарат курууга муктаждык жаралды. Бул имарат эл аралык стандарттын талаптарына ылайык заманбап үлгүдө, жаңы шарттар менен курулуп жатат. Планга ылайык жаңы корпус 2023-жылга курулуп бүтүүсү маалымдалган. Бирок, бүгүнкү күндө куруу иштери ыкчам жүргөндүктөн имараттын ишке берилүү күнү жакындап жатат”- дейт университеттин чарба иштери боюнча проректору Сталбек Сейдалиев.

Корпус өзүнө лекциялык кааналарды, кеңешме зал, китепкана, актовый зал, ашкана, аудиторияларды камтыйт.

Окуу корпусунун жалпы сметалык каражаты алгач “Перспект-Проект” ЖЧКсы тарабынан эсептелип, 154 123 580 сомду түзгөн.

КР мыйзамадарына ылайык сатып алуулар конкурсуна жарыя берилип, имаратты курууну “Юг-Стройсервис” ААКы 120 063 403 сом каражаты менен тендерди жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий