• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош мамлекеттик университетинде “Акыркы коңгуроо” кагылды

Аймак 0

Ош, 29-июнь /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Докторантура, бакалавр жана магистратуранын бүтүрүүчүлөрү үчүн Ош мамлекеттик университетинде 27-июнда “Акыркы коңгуроо” кагылды. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой иш чара өлкөнүн гимни менен башталып, ага мугалимдер жана артыкчылык менен бүтүп жаткан студенттер, алардын ата энелери катышкан. Атайын сертификаттар 159 бакалавр бүтүрүүчүлөрүнө, 77 колледждин бүтүрүүчүлөрүнө, 74 магистратура, докторантура бүтүрүүчүлөрүнө тапшырылган. Тапшыруу аземинде концерттик программа тартууланды.

Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков өзгөчөлөнгөн студентерди куттуктап, аларды окуу жайды ийгиликтүү аякташы менен куттуктады. “Сиздер артыңыздарда окуу жайдагы кызыктуу, романтикалык күндөрүңүздөрдү калтырдыңыздар. Ал эми келечекте биздин эл сиздерден жакшы ийгиликтерди күтөт. Биз сиздердин алдыга койгон бардык максаттарыңыздарга жетээриңерге ишенебиз”,- деди ректор.

Пикир

Оставить комментарий