• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто массалык веложүрүш өтөт

Аймак 0

Бишкек, 04.04.19. /Кабар/. 6-апрелде Ош шаарында жыл сайын өтүүчү массалык веложүрүш өтөт. Ага шаар жетекчилери, тургундар, спорт сүйүүчүлөрү жана жаш активисттер катышат, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Катышуучулар шаардын борбордук аянтынан старт алып Ленин көчөсү менен А.Навои көчөсүнө чейин барышат. А.Навои көчөсүнөн Курманжан-Датка көчөсүнө бурулуп борбордук аянтка чейин келип жыйынтыкталат.

Веложүрүштүн соңунда атайын көңүл ачуучу программа, интерактивдүү конкурстар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылат.

Иш-чара саат 10:00дө башталат.

Пикир

Оставить комментарий