• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош менен Баткендин патрулдук милиция кызматкерлери дарыгерге чейинки жардам көрсөтүүнү үйрөнүштү

Аймак 0

Бишкек, 29.11.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош облусунун патрулдук милиция кызматкерлери 27- 29-ноябрь аралыгында жол кырсыгынан жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү боюнча атайын окуудан өтүштү.
Окуу Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коому менен КР ИИМнин ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлүүдө.
Семинардын жүрүшүндө патрулдук милиция кызматкерлери жол кырсыгына кабылган адамдарга дарыгерге чейинки биринчи жардам көрсөтүүнүн негизги эрежелерин үйрөнүштү.
Ошондой эле, 23-24-ноябрда Баткен облусунун патрулдук милиция кызматкерлери да жардам көрсөтүүнүн негизги усулдарын үйрөнүштү.
Иш-чараны башкы максаты жол кырсыгынан каза болгондордун санын кыскартуу.
Башкы патрулдук милиция башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2017-жыл ичинде 719 жол кырсыгы катталган.
Билдирүүдө айтылгандай, эки айлык окуунун соңунда патрулдук милиция кызматкерлери биринчи жардам көрсөтүү боюнча тест тапшырышат.

Пикир

Оставить комментарий