• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош жана Жидда шаарларынын ортосунда боордоштук байланыш түзүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. Жидда шаарында Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов Мекке облусунун губернаторунун орун басары улуу даражалуу ханзаада Бадр бин Султан бин Абдулазиз менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууга, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, түз авиакаттамдарды ачуунун маанилүүлүгүнө, ошондой эле эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда достук мамилелерди орнотууга өзгөчө көңүл бурушту.

Элчи Марипов жана ханзаада Абдулазиз Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы бекемделип келе жаткан ар тараптуу кызматташтыкты жана өз ара кызыкчылыкты эске алуу менен, эки өлкөнүн шаарларынын жана алардын тургундарынын ортосундагы достукту чыңдоого багытталган Ош жана Жидда шаарларынын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү маселелерин талкуулашты.

Ушуга байланыштуу эки тараптын кароосунда турган Ош шаарынын мэриясы менен Жидда шаарынын муниципалитетинин ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндө меморандумдун долбоорун илгерилетүү боюнча ишти улантуу макулдашылды.

Б.Абдулазиз падышалыктын жетекчилиги Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгилеп, эки дос өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөө боюнча иш-чараларды ишке ашырууда элчиликке ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда элчи Марипов Мекке облусунун губернаторунун орун басары улуу даражалуу ханзаада Бадр бин Султан бин Абдулазизди ага ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Маалымат үчүн: Мекке - Сауд Аравиянын 13 провинциясынын бири. Аянты боюнча үчүнчү орунда (153 128 км2) жана 8 557 700дөн ашуун калкы бар эң жыш провинция. Ал тарыхый Хижаз аймагында жайгашкан жана Кызыл деңизде узун жээкке ээ. Бул провинция Сауд Аравиянын калкынын 26,29% түзөт жана ыйык Мекке шаарынын атынан аталган.

Пикир

Оставить комментарий