Ош: Мэр мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан энелерден кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 07.03.19. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 8-март-Аялдардын эл аралык майрамына карата аз камсыз болгон үй-бүлөдө мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан айымдарды куттуктап, үйлөрүнө барды. Шаар мэри айымдарга үй тиличилигине керектелүүчү буюмдар телевизор, кир жуугуч машина, муздаткыч, электр печкаларын белекке берди. Ошондой эле жаш балдарга таттууларды, тамаш-аш азык-түлүктөрүн тапшырды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

“Сиздерди келе жаткан майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайм. Майрам алдынан күтүүсүздөн барып, куттукташты максат кылган элем. Дайым ден соолукта болуп, балдарыңыздарга мээрим тартуулап жүрүңүздөр. Биз сиздерди камкордукка алып, ар дайым жардам берүүгө даярбыз. Буюрса жайында балдарыңыздарды эс алуу лагерлерине, Ысык-Көлгө эс алып келүүгө жиберебиз деп пландап жатабыз”,-деди Т.Сарыбашов.

Амир-Темир аймактык башкармалыгында жашаган Б. Алимованын үйүн оңдоодон өткөрөөрүн, Дача участкасынын жашоочусу И. Арзибаеванын үйүнө таза суу жеткирүү тапшырмасын берди.

Мэрдин келип кабар алышын күтпөгөн энелер калаа башчысына ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий