• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош: Мэр убадалаган ФАП бир жуманын ичинде колдонууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 27.10.17 /Кабар/. Мэр убадалаган ФАП бир жуманын ичинде колдонууга берилет Бул туурасында кечээ, 26-октябрда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Сулайман-Тоо аймактык кеңешинин тургундары менен болгон жолугушууда маалым болду.

Белгилей кетсек, шаар башчысы ушул жылдын 13-февралында аталган аймактын жашоочулары менен жолукканда, тургундардан келген суроолордун бири ооруканалардын алыстыгы көйгөйлүү экендиги болгон. Убадаланган ФАП жакынкы аралыкта колдонууга бериле тургандыгын шаар мэри Айтмамат Кадырбаев кат жүзүндө келип түшкөн суроолорго жооп берип жатып айтып өттү.

Жыйындын жүрүшүндө канализация, ички жолдорду асфальттоо, социалдык жардам, жол чырактарын орнотуу сыяктуу көйгөйлөргө жооп берди. Аталган аймактын айрым көчөлөрүнүн жашоочулары өздөрү койдурган жарыктар күйбөй жаткандыгын айтышып, шаар мэрине электро борборунун кызматкерлерине тапшырма берүүнү өтүндү. Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев дароо эле жазган суроолордун ээлерине кошуп «Шаарсвет» Ош электр жарык тармактар ишканасынын жетекчисин маселени жеринде чечүүгө жөнөттү.

Шаар башчысынын айтымында эл менен болгон жолугушуу аймактагы негизги жана орчундуу маселелерди чечүүгө, эл менен бийликтин ортосун жакындатууга өбөлгө түзөт.

Айта кетсек, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев 12 аймактык кеңештин жана Жапалак айыл аймактык башкармалыгынын тургундары менен болгон күз айларындагы жолугушуусу аяктады. Эми кийинки жылы жаз айларында жолугушуу өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий