• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош мэри “АрМИ-2021” танкалык биатлон мелдешинде жеңишке жеткен аскерлерди сыйлады

Аймак 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 24-сентябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Россия Федерациясынын куралдуу күчтөрү менен биргеликте өткөрүлгөн эл аралык “АрМИ-2021” танкалык биатлон жана десанттык взвод мелдештеринде катышып, 1-орунду ээлеген Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери менен жолукту. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда шаар башчысы аскерлерге мындан аркы иштерине ийгилик каалап, өлкө намысын бек сактап, ар дайым бийиктиктерди багындырып жүрө беришине тилектеш экендигин билдирди.

Сыйлоо аземинде мэр Алмаз Мамбетов 36806 аскер бөлүгүнүн танкалык батальонунун 1-ротасынын улук механик айдоочусу, кенже сержант Дилмурад Азизов, 36806 аскер бөлүгүнүн 1-танкалык ротасынын командири, капитан Курманбек Надирбеков, 01003-аскер бөлүгүнүн соотанк кызматынын башчысы, полковник Рустам Садиков, 30630 аскер бөлүгүнүн улук механик айдоочусу, сержант Бекмурза Суюнбай уулун, 30630 аскер бөлүгүнүн улук механик-айдоочусу, ефрейтор Нурсултан Тажибай уулун, 36806 аскер бөлүгүнүн танкалык батальонунун 1-танкалык ротасынын улук мээлегичи, катардагы жоокер Амангелди Төрөбек уулун, 30670 аскер бөлүгүнүн Т-72М танкасынын командири, сержант Исхак Тыналы уулун, 30670 аскер бөлүгүнүн танкалык взводунун командири, улук лейтенанты Ырысбек Шайып уулуна 5000 сомдон акчалай сыйлык жана ардак грамоталарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий