• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош мэри: Ишкерлерге мыйзам чегинде жардам беребиз

Аймак 0

Бишкек, 07.12.18. /Кабар/. Ишкерлерге сөз менен эмес, иш жүзүндө колдоо көрсөтүшүбүз керек, - деп билдирди Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы ишкерлер менен болгон жолугушуу маалында.

Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, кечээ, 6-декабрда ишкерлер менен жолугушуу болгон, ага тийиштүү мекеме ишканалардын жетекчилери да катышкан.

Калаа башчысы шаардын эле эмес, өлкүнүн экономикалык жактан өнүгүшүнөишкерлердин салымы чоң экендигин билдирген.

“Биздин милдет экономиканы көтөрүү, бизнес чөйрөнү жакшыртып, тургундарга жакшы шарт түзүү. Ош шаарынын мэриясы инвестиция тартуу, кичи жана орто бизнести колдоо, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү багытында такай иш алып барууда. Жергиликтүү бийлик ар дайым ишкерлерди ар тараптан колдоого даяр. Шаарыбыздын, мамлекетибиздин өнүгүүсүнөбиргеликте салым кошолу. Кандайдыр бир тоскоолдуктар болсо ачык айткыла. Мыйзам чегинде жардам беребиз. Ишкерлерге сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө колдоо көрсөтүүбүз керек”,-деди Т.Сарыбашов.

Өз кезегинде ишкерлер сунуш пикирлерин айтып, алдыга койгон иш пландары тууралуу шаар жетекчиси менен ой бөлүшүштү.

Ошондой эле, муниципалдык мекемелердин жетекчилери , алдыда аткарыла турган пландар, долбоорлор тууралуу ишкерлерге маалымат берип, ар тараптуу кызматташууга чакырды. Жыйын соңунда айрым ишкерлер шаардын өнүгүүсү үчүн жөө адамдар басуучу жолдорду оңдоого, көп кабаттуу үйлөрдүн сыртын сырдоого жана эс алуу багындагы айрым иштерге колдоо көрсөтөөрүн айтышты.

Пикир

Оставить комментарий