• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош мэри милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов милиция кызматкерлерин кесиптик майрамына карата куттуктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Мэрдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Урматтуу Ички иштер кызматынын өздүк курамы!

Кадырлуу ардагерлер!

Сиздерди Кыргыз милициясынын 97-жылдык маарекеси, салтанаттуу майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!
Бул майрам күн-түн дебей, тыныгуу билбей күн сайын өз убактысын, күчүн жана ден-соолугун аябай өз милдетин өтөп жаткандардын майрамы.
Бул майрам анын ажарын ачып турган урматтуу Ардагерлердин майрамы!

97-жыл аралыгында Сиздердин коомдук коопсуздукту жана укуктук тартипти сактоодо өзүңөрдүн ден-соолугуңуздарды жана өмүрүңүздөрдү тобокелдикке салып кызматтык милдеттиңиздерди так аткарып, элдин алкыш- ыраазычылыгына ээ болуп келе жатканыңыздарга жалпы журт өзү күбө.

Милицияда кызмат өтөө бул жооптуу, татаал жана сыймыктуу кесип. Анткени Сиздер, шаарыбыздын тургундарынын тынчтыкка жана бейпилдикке болгон укуктарын коргоодо, кылмышкерлер менен күрөшүүдө, өз өмүрүңүздөрдү эл үчүн, мекен үчүн тобокелге салып күн-түн дебей, өз милдетиңиздерди чеберчилик менен аткарып келе жатканыңыздар талашсыз.

Сиздер ордолуу Ош шаарыбыздагы коомдук-коопсуздукту жана тартипти сактоо менен өлкөбүздүн жана шаарыбыздын өнүгүүсүнө бирден бир чоң салымыңыздарды кошуп келесиздер.

Эгемендүү мамлекетибиздин коопсуздугу үчүн, анын элинин бейпилдиги үчүн кыргыз милициясынын орду эбегейсиз экени талашсыз.
Ал эми Кыргыз милициясынын даңазалуу тарыхый жолун жаштарыбыз үчүн мурас калтыруу багытында бир топ иштерди аткарып, элдин ичинде жүргөн биздин сыймыктуу жана ардактуу ардагерлерибиз өзгөчө ыраазычылыкка татыктуу. Алар кылмыштуулукка каршы аеосуз күрөш жүргүзүп, азыркы күндө да четте калбай, жаштарыбызга үлгү болуп, аларга жакшы таалим-тарбия берүүдө.

Бүгүн урматтуу Ош шаарынын милициянын кызматкерлери Сиздер шаарыбызда укук-тартипти сактоодо, коомдук коопсуздукту жана шаар тургундарынын бейпилдигин камсыздоодо ак-ниеттүүлүгүңүздөр менен кызмат өтөп жатасыздар.

Мындан ары да Ош шаарынын мэриясы, Сиздер менен биргеликте шаарыбызда бейпилдикти жана коомдук-саясий кыдаалдын туруктуулугун камсыздоодо, эң негизгиси ар-кандай укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алууда, биргеликте иш алып бараарын жана ар тараптан Сиздерге моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүүгө даяр экенибизди билдиремин. Ички иштер органдарынын кызматкерлери эл менен байланышты чыңдап, шаар тургундарыбыздын бейпилдигин камсыздап, кыргыз милициясынын коомдогу кадыр-баркын көтөрүү менен калктын ишенимин ар дайым актап иштейт деген үмүтүбүздү билдиремин.

Дагы бир ирет Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм.
Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө чын ден-соолук, бакты-таалай, кызматтык ийгиликтерди каалаймын!
Ордолуу Ош шаарыбыз гүлдөп өнүгө берсин!
Сүйүктүү Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтыктын өкүмү сүрө берсин!"

Пикир

Оставить комментарий