• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ош мэри таза суу менен камсыздоо боюнча жүрүп жаткан иштер менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. Ош мэри таза суу менен камсыздоо боюнча жүрүп жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Оштун мэри Алмаз Мамбетов Мамыров көчөсүнөн Орке айылында курулуусу пландалган суу кампасына чейин тартылып жаткан суу куурларынынын курулуш иштери менен таанышты.

Долбоор Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынынын тургундарын таза суу менен камсыздоону максат кылат.

Курулуштун биринчи этабында 4 насостук станциянын, 500 куб метрлик 2 суу кампасынын, , диаметри 200 мм болгон 7287 метрге созулган суу куурун куруу иштери бар. Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен жүрүп жатат. 2021-жылдын октябрь айында башталган.

Калаа башчысы жумушту сапаттуу, мүмкүн болушунча ыкчам жүргүзүүнү тапшырды.

Долбоор Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Пикир

Оставить комментарий