• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош мэри жарандарды жеке кабыл алуудагы кайрылуулар боюнча жетекчилерге жеринде тапшырма берди

Аймак 0

Бишкек, 31.01.18. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ар жуманын башында жарандардын арыз-дооматтарын карап, жеке кабыл алуу өткөрөт,-деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарындагы баардык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышып, щаардыктардан келип түшкөн көйгөйлөрдү чогу талкуулап, жеринде тапшырмалар берилет.

Кечээ, 30-январда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин жарандарды жеке кабыл алуусу болуп, бир топ маселелерди жеринде чечип, тапшырмаларды берди.

Кабыл алуудагы жарандардын кайрылуусу ипотекалык багытта турак жай алуу боюнча тизмеге туруу, талаш турган жерлердин мыйзамдуулугун кароо боюнча маселелер каралды. Ошондой эле, коммуналдык кызмат көрсөтүү жаатындагы айрым муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө сындар айтылды. Мындан тышкары “Ош тазалык” жана “Ошсууканал” ишканаларынын абонеттик бөлүмүнүн ишмердүүлүгү туурасында да кайрылуулар болду.

Жыйындын алкагында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ар бир келген арыздарды жекече карап, тийиштүү жетекчилерге жеринде чечип келип, маалымат берүү тапшырмаларын берди. Ошондой эле, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин жетекчисине ипотека алуу максатында кайрылган жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жеке иш-кагаздарын карап чыгууну тапшырды.

Жалпысынан кечээ 20дан ашуун жаран жеке кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий