• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош мэри: Жыл аягына чейин курулуп жаткан 5 мектептин үчөөнү бүтүрүүнү пландоодобуз

Аймак 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 13-сентябрда Ош шаарында жылда өтүүчү билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси болду.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, билим берүү башкармалыгынын башчысы Санталат Аматова, шаарда жайгашкан билим берүү мекемелеринин директорлору, мугалимдер, балдар бакчаларынын тарбиячылары катышты.

Калаа башчысы Алмаз Мамбетов келечек муундарга билим берүүдө жана тарбиялоодо мугалимдин орду эбегейсиз экендигин билидирип, агартуучуларга ыраазычылык сөзүн айтты. Ошондой эле, мектепке чейинки билим алып жаткан балдар, окуучулар үчүн шарттар акырындап түзүлүп, учурда болуп жаткан кыйынчылыктар артта калат деп кошумчалады.

“Учурда шаарда республикалык бюджеттин эсебинен 5 мектептин курулушу жүрүп жатат. Курулуштардын көп жылдан бери кармалып, бүтпөй жаткандыгынын себеби акча каражаты болгон. Жылдын аягына чейин акча каражаттарын толук бөлдүрүп, 3 мектептин курулушун бүтүрөбүз деп пландап жатабыз. Негизги шаарларда мектептин жетишсиздиги күч. Биздин Ош шаарында да бул маселе орчундуу. Учурда курулушу жүрүп жаткан мектептерди бүтүрүп алсак, жеңилдиктер жаралат. Андан соң билим берүү мекемелерин көбөйтүү боюнча пландар бар”,- деди А.Мамбетов.

Жыйындын алкагында окуу жылы башталган соң, президент Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын аткаруу максатында мектепте жана балдар бакчаларында 15 мүнөттүк руханий-адеп-ахлак туурасында өзүнчө бир тарбиялык саат өткөрүп туруу тапшырмасы берилди.

Ош шаарында 81 жалпы билим берүүчү мектеп иштейт, анын ичинен 55 мамлекеттик жана 26 жеке менчик мектеп бар.

Шаар боюнча 3 277 мугалим 77 832 окуучуга тарбия-таалим берүүдө. Мамлекеттик мектептерге тартылган окуучулардын саны – 72 250, жеке менчик мектептердеги окуучулардын саны – 5 582.

2020-2021-окуу жылында 1-класстарга электрондук кезек менен кабыл алуу тартиби киргендигине байланыштуу, 8 947 окуучу кабыл алынган, ал эми жаёы 2021-2022-окуу жылында 1-класска 8000ге жакын окуучу кабыл алынды.

Ош шаарында 80 мектепке чейинки билим берүү уюмдары иштеп, 13 257 тарбиялануучу кабыл алынган жана аларга 1186 педагог тарбиялайт. Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу 45 мамлекеттик бала бакчада 13 280 бала, 35 жеке менчик бакчада 2 300 бала бар.

Педагогикалык кеңешме “Сапаттуу тарбия берүү жана окутуу – өлкөнүн өнүгүүсүнүн жана өркүндөшүнүн кепилдиги” деген аталышта өтүп, жаңы окуу жылына карата резалюция кабыл алынды. Негизги максат билим берүүнүн сапатын жогорулатуу.

Жыйындын алкагында Ош шаарынын мэриясынын ардак грамотасы менен бир катар мектеп мугалимдери жана балдар бакчаларынын тарбиячылары сыйланды.

Мындан тышкары алдыңкы мектептерге, балдар бакчаларына ноутбук жана принтер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий