• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ош мэриясы Акжол Махмудов баштаган бир катар спортчуларга акчалай сыйлык тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Ош шаардык мэриясы Олимпиада оюндарына жолдомо алган Акжол Махмудов жана башка бир катар спортчуларга акчалай сыйлык тапшырды.

Мэриядан билдиришкендей, бүгүн, 1-июнда Ош шаарынын бир катар спортчулары жана машыктыруучуларына шаардык мэрия акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Сыйлангандар:

Акжол Махмудов - 100 миң сом. Грек-рим күрөшү боюнча Азия лицензиялык мелдештин жеңүүчүсү;

Кубаныч Айбек уулу - 50 миң сом. Дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатынын коло медалынын ээси;

Жантөрө Ташиев - 50 миң сом. Бокс боюнча жаштар арасында өткөн Дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси;

Бексултан Махмудов - 50 миң сом. Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын коло медалынын ээси;

Икрам Хажимуратов - 50 миң сом. Эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын коло медалынын ээси. Мындан сырткары, аталган спортчулардын машыктыруучуларына да 10 миң сомдон тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий