• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош мэриясы Акжол Махмудовго акчалай сыйлык жана 2 бөлмөлүү батир тапшырды

Аймак 0


Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. Ош мэриясы Акжол Махмудовго 10 миң доллар жана 2 бөлмөлүү батир тапшырды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган гала-концерттин алкагында шаар башчысы Алмаз Мамбетов Олимпиада оюндарына токтолуп, ар бир спортчуга ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, майрамдык иш-чаранын коногу, Токио-2020 оюндарында күмүш медаль уткан Акжол Махмудовго жана анын машыктыруучуларына 200 миң сом акчалай сыйлыктын сертификатын тапшырды. Мындан тышкары, 2 бөлмөлүү батирдин сертификаты менен сыйлады.

Майрамдык иш-чаранын алкагында спорттун өнүгүшүнө салым кошуп, Акжол Махмудов сыяктуу спортчуларды машыктырган машыктыруучуларга Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы тапшырылды.

Эскерте кетсек, Акжол Махмудов Токиодо өткөн Олимпиада оюндарына грек-рим күрөшү боюнча мелдеште күмүш медаль тагынган.

Пикир

Оставить комментарий