• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ош мэриясы «Чайна Роад» компаниясы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду

Коом 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Кечээ, 27-сентябрда Ош шаарына Кытай Эл Республикасынын “Чайна Роад” компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү эки тараптуу кызматташууда пландалган долбоорлорду жеринен көрүү максатында келишти. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кытай корпорациясынын Кыргызстандагы жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча өкүлчүлүгүнүн башкы директору Хоу Хусян баштаган жумушчу топту Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев кабыл алды.

Андан соң, компаниянын өкүлдөрү Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов менен биргеликте жолдорду, көпүрөлөрдү, тыгын учурдагы абалдарды, таштанды талаасын жана башка жерлерди жеринен көрүп келишти.

Таанышуунун соңунда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана «Чайна Роад» компаниясынын өкүлү Хоу Хусян менен эки тараптуу кызматташуу боюнча, жолдорду оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана куруу, таштандыларды кайра иштетүүчү заводдорду куруу боюнча меморандумга кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий