• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош мэриясы ЕККУ менен кызматташтыкты бекемдейт

Аймак 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 8-декабрда, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов менен жолугушту.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташууну бекемдөө багытын талкуулап, мигранттардын укугу, коопсуздугу маселелери көтөрүлдү.

Мэр Алмаз Мамбетов Ош шаарында туризм тармагын өнүктүрүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын айтып, атайын иштелип чыккан Ош шаарынын брендин 17-декабрда презентациялоо пландалып жатканын белгиледи.

Алексей Рогов бул иш-чарага катышуу ниетин билдирип, эки тарап кызматташтыкты өнүктүрүү келишимине келди.

Пикир

Оставить комментарий