• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош мэриясы Исфана шаарына инфратүзүмүнүн жакшырышына жардам көрсөтөт

Аймак 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан тездетип өнүктүрүүнү, калктын бакубаттыгын жана жашоо сапатын жогорулатууну камсыз кылуу максатында, топтолгон көйгөйлөрдү тез арада чечүү зарылчылыгын көңүлгө алуу жөнүндө” буйругун аткаруунун негизинде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Юсупов баштаган шаарынын мэриясынын өкүлдөрү Исфана шаарына келишти. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында жумушчу топ Исфана шаарынын мэри Чыңгызбек Рысов жана шаардык кеңештин төрагасы Бакытбек Сапаев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө курулуп жаткан социалдык объектилерге баруу, коммуналдык кызматтардын иши менен таанышууда.

Исфана шаарынын инфраструктурасы менен таанышкандан кийин, Ош шаарынын мэриясы Исфана шаарын өнүктүрүү жана анын аймагындагы эң керектүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана аларды колдоо боюнча биргелешкен иш-чаралардын планын иштеп чыгат.

Учурда Исфана шаарында 34 миңден ашуун адам жашайт.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тиешелүү кызматтарга тапшырманы аткаруу боюнча тапшырма берген.

Пикир

Оставить комментарий