• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош мэриясы Исфана шаарындагы 2,5 чакырым жолго жарыктандыруу орнотот

Аймак 0

Бишкек, 24.08.21. /Кабар/. Ош мэриясы Исфана шаарындагы 2,5 чакырым жолго жарыктандыруу орнотот, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын шаарларына айыл аймактарына жана Баткен облусунун шаарларына көзөмөлдү ишке ашыруу боюнча буйругунун аткарылышынын алкагында Ош шаарынын мэриясы Исфана шаарына 2,5 чакырым жолдорго жарык берүү системасын жакшыртууга жана орнотууга колдоо көрсөтөт.

"23-августта Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Юсупов Исфана шаарынын кире беришине орнотуу үчүн 72 электр тирөөчү даярдаган "Пуск" ЖЧК ишканасына барды. Анда биринчи вице-мэр иштин жүрүшү менен таанышып, бул иш Исфана шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошуп, коопсуздукту камсыздоого чоң жардам берет деп билдирди. Электр таянычтарын орнотуу жана электр менен камсыздоо системаларын туташтыруу боюнча көрсөтүлгөн иштер 10 күндүн ичинде жүргүзүлөт", - деп айтылат Ош мэриясынын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий