• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош мэриясы коммуналдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 19.03.22. /Кабар/. 18-мартта Ош шаарынын мэриясында Коммуналдык кызматкерлердин күнүнө карата сыйлоо аземи болуп өттү, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин депутаты Мирбек Маматов, муниципалдык кызматтардын жетекчилери жана кызматкерлери, профсоюздардын өкүлдөрү катышты.

Мэрдин учурда коммуналдык кызматкерлер эң керектүү тармактардын бири экенин белгиледи.

"Шаардын турмушунун ар тармактуу өнүгүүсүнүн жыйынтыгы коммуналдык кызматкерлердин эмгегинин натыйжасы болуп саналат. Жашыруун эмес, Ош шаары өлкөдөгү эң таза шаарлардын бири болуп эсептелет. Коомдук транспортту өнүктүрүү, шаарды жашылдандыруу, тазалоо жана көрктөндүрүү, жылуулук менен камсыздоо системасын жакшыртуу – ушул жана башка көптөгөн иштер сиздердин эмгегиңиздер. Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм", - деди А.Мамбетов.

Иш-чаранын алкагында күжүрмөн эмгеги жана аракети менен айырмалангандарга Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.

Ошондой эле, коммуналдык кызматкерлер Ош шаардык кеңешинин, профсоюздардын өкүлдөрүнүн сыйлыктары менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, жыл сайын март айынын үчүнчү жекшембисинде Кыргыз Республикасынын турак жай жана коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий