• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ош мэриясы менен ОшМУ кызматташат. Меморандумга кол коюлду

Аймак 0

Бишкек, 25.09.21. /Кабар/. 24-сентябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков баштаган университеттин кызматкерлерин кабыл алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында шаар башчысы Ош мамлекеттик университетинин потенциалы чоң окуу жай экендигин билдирип, санариптешүү багытында алгылыктуу иштерди биргеликте жүргүзүү шаар үчүн эбегейсиз өнүгүүнү алып келет деп белгилеп өттү.

Билим берүү мекемеси Ош шаарында жайгашкандыктан анын адистерин колдоп алуу, алар ойлоп тапкан продукцияларды колдонуп көрүү жергиликтүү бийликтин кадамынан да көз каранды экендигин кошумчалады.

Аталган окуу жайдын жетекчилиги өз кезегинде билим уясындагы студенттер кайсы бир ишканадагы көйгөйлөрдүн чечүү жолдору боюнча дипломдук, магистрдик иштерди жактаса, аларды мамлекеттик мекемеде кайра колдонуп көрсө деген пландарын ортого салды.

Иш-чаранын алкагында Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков менен эки таратуу кызматташуу багытындагы меморандумга кол койду.

Эскерте кетсек, меморандумда Ош шаардык мэриясы менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда социалдык тармактагы долбоорлорду ишке ашыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар менен бөлүшүү, санариптик инфратүзүмдөрдү пайдаланууда маалыматтар менен бөлүшүү, тажрыйбалуу кадрларды жөнөтүү менен жаңы долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүү жана кадрларды даярдоо боюнча тажрыйба алмашуу кызматташтыктар каралган.

Пикир

Оставить комментарий