• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош мэриясы муниципалдык гүл дүкөнүн ачып, өстүргөн гүлдөрдү жана биогумус сатууну көздөйт

Аймак 0

Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. Ош мэриясы муниципалдык гүл дүкөнүн ачып, өстүргөн гүлдөрдү жана биогумус сатууну көздөйт, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, вице-мэр Сонунбек Жунусбаев жашылдандыруу багытындагы пландар менен таанышып чыкты. Келерки жылга карата Кара-Кысмак питомнигиндеги күнөскананын жылытуу системасын оңдоп, гүл өстүрүүчү аянтты кеңейтүү планы түзүлдү. Бул демилге ишке ашырылса "Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" муниципалдык ишканасы гүл дүкөнүн ача алат. Өстүргөн гүлдөрүн шаардыктарга сатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Келе жаткан жылы шаарды кооздоо үчүн гүлдөрдүн жаңы түрлөрүнүн уруктарын алып келүү да пландалууда.

Вице-мэр тарабынан ишкананын эсебине кошумча каражаттарды түшүрүү багытында аракеттерди көрүү зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле калифорниялык сөөлжанды өстүрүү жөнүндө сөз жүрүп, тапшырмалар коюлду.

Пикир

Оставить комментарий