• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош мэриясы социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө активдүү көңүл бурат

Аймак 0

Бишкек, 07.08.21. /Кабар/. Кечээ, 6-августта Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов социалдык тармактагы мекеме-уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө социалдык мекемелердин жетекчилери: саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, спорт тармагында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар, учурдагы иштер жана өз ишин уюштуруудагы көйгөйлүү маселелер боюнча маалымат берилди.

А.Сүйүмбаев атындагы шаардык стадиондун, "Алай" футболдук клубунун директору Улан Алымкановдун айтымында, 2022 -жылы клубдун базасында футбол академиясын ачуу пландаштырылган, ошондой эле аялдар футболун уюштуруу пландары бар. "Мындан тышкары, зарыл болгон инфраструктураны жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулат, аны менен катар жарактан чыккан футбол талаасын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. Бул аракеттердин баары биздин клубдун оюнчулары Кыргызстандын чемпионатында да, АФКда да ийгиликтүү оюн көрсөтүшүн камсыз кылууга багытталган»,-деди ал.

Алмаз Мамбетов бул демилгени Ош шаарында спортту өнүктүрүүнүн маанилүү фактору катары колдоого алуу зарыл экендигин билдирди.

Ошондой эле, Жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы И.Берхмаматовго туристтик инфраструктураны жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар үчүн чакан архитектуралык объекттерди, белгилерди орнотуу тапшырмасы берилди.

«Ош шаарында чакан архитектуралык объектилердин инфраструктурасын өнүктүрүү зарыл. Туристтер, чет өлкөдөн келген саякатчылар үчүн атайын белгилерди орнотуу талап кылынат. Заманбап технологиялар муну QR-коду, тиешелүү мобилдик тиркеме аркылуу жасоого мүмкүндүк берет. Кыргызстанга келген туристтердин жарымы Ош шаарына да келсе чоң жетишкендик”, - деп белгиледи А.Мамбетов.

Мындан тышкары, жолугушуунун жыйынтыгында саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилерине көрсөтүлүп жаткан кызматтарды санариптештирүү жаатында ишти күчөтүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий