• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ош мэриясы Таалайбек Сарыбашовдун орус жарандыгы бар экендигин четке какты

Аймак 0

Ош, 22.11.18. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кыргызстандын гана жараны. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынын башчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Анын айтымында, аларда ЖМКларга тарап кеткен маалымат бар. Алар Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина айткан маалыматтан дагы кабардар. Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов Россия Федерациясынын жарандыгын алган эмес.

“Ооба, мэр 2002-жылы Новосибирск шаарында мигрант катары жүргөн. Бүгүнкү күндө мэрдин айтымында, ал Кыргызстандын гана жараны”, - деп кошумчалады Азамат Абсаттаров.

Эске сала кетсек, депутат Ирина Карамушкина Жогорку Кеӊештин жыйынында Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун кош жарандыгын текшерүүнү сунуштады.

Депутаттын маалыматы боюнча, Россиянын Салык кызматынын сайтында Сарыбашов Таалайбек Насирбековичке 2016-жылдын ноябрь айында орус жаранын паспорту тапшырылганы, анын туруктуу жашаган жери Новосибирск шаары экендиги белгиленген. Ал эми биздин мыйзамдарга ылайык, чет өлкөлүк жарандардын жетекчилик кызматтарда иштөөсүнө тыюу салынган. Бул фактыны УКМК төрагасы текшерип чыгып, жообун бериши керек.

"Таалайбек Сарыбашов кезинде өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болсо, азыр Ош шаарынын мэри болуп иштөөдө. Анын жарандыгын кылдат иликтеп чыгып, чет өлкөлүк жарандыгын атайылап жашырган болсо, анда ал беш айдан бери камакта жаткан Кулматов сыяктуу схема менен камакка алынышы керек. УКМКдан жооп күтөбүз", - деди депутат.

Пикир

Оставить комментарий