• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош мэриясы жана РКӨФ ишкерлерди ипотекалык турак жай боюнча долбоорлорду чогуу ишке ашырууга чакырды

Аймак 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 11-августта. Ош шаарында Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) башкармалыгынын төрагасы Артём Новиковдун Ош шаарынын жана Ош облусунун бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу өтүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясыынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов дагы катышып, ишкерлерди шаардагы бир катар келечектүү долбоорлорду биргеликте ишке ашырууга үндөдү.

"Биздин Ош шаарыбызга келгениңизге чоң рахмат. Сизге жемиштүү иштөөнү каалайм. Менин дагы социалдык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган бир катар сунуштарым бар. Биринчиден, бул ипотекалык турак жай, жаш ишкерлердин стартаптарын колдоо. Ош шаарындагы курч көйгөй - коомдук транспортту модернизациялоо. Мен бизнес чөйрөнүн өкүлдөрүн бул багытта кызматташууга чакырам. Биз сиздерге шаарды айланып өтүүчү даяр маршруттарды берүүгө даярбыз, газ жабдуулары боюнча автобустарды киргизүүнү кароого даярбыз. Биз биргеликте шаар калкына сапаттуу кызмат көрсөтүү боюнча долбоорду ишке ашыра алмакпыз", - деди Мамбетов.

Пикир

Оставить комментарий