• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош мэриясында учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 29-июль күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуевдин катышуусунда жыйын болуп өттү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашканлай, анда үч маселе каралды:

1. 30-июль - Улуттук аза күтүү күнү жөнүндө;
2. 31-июль - Курман айт майрамын өткөрүү тартиби боюнча;
3. Коронавирус илдетине чалдыккан жарандарды үймө-үй кыдырып аныктоо.

Биринчи вице-мэр аза күтүү күнү Ош шаарындагы баардык мекеме-ишканаларда, жеке ишканаларда, соода-саттык мекемелерде илинип турган туу түшүрүлүп, эскерүү өз тартибинде өтүшү боюнча тапшырма берди.

Ал эми Курман айт күнү Ош шаарынын мэриясы, казыят, жеке ишкерлер тарабынан курмандыктар жана жардамдар муктаждардын үйлөрүнө жеткирилип, адамдардын топтолушун алдын алуу боюнча каттуу талап коюлду.

Үчүнчү маселе боюнча Саламаттыкты сактоонун Ош шаары боюнча координатору, шаардык клиникалык ооруканасынын башчысы Кыялбек Ташболотов учурда шаар боюнча үймө-үй кыдырып, текшерүү иштери жүрүп жаткандыгын белгилеп өттү.

Акыркы эки күндө 2 миң 502 үй текшерүүгө алынган, алардын ичинен 1 миң 483чү батир, 1 миң 19 жер үй. Жалпы 21 миң 169 жаран текшерүүдөн өттү.

Пикир

Оставить комментарий