• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош мэриясынын чиновниктери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады

Жеңишке 75 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Ошто вице-мэрлер, мэрия аппаратынын бөлүм башчылары, шаардык жана муниципалдык мекеме, ведомстволордун башчылары Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлеринин үйлөрүнө барышты.

Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 30 миң, ал эми ооруктун ардагерлерине 15 миң сомдон тапшырылды. Мындан тышкары, президенттин буйругуна ылайык, Жеңиштин 75 жылдыгына карата ардагерлерге 75 миң сомдон жана ооруктун эмгекчилерине 15 миң сомдон бөлүнгөн.

Ошто учурда 6 согуштун ардагери жана 15 ооруктун эмгекчиси жашайт.

Пикир

Оставить комментарий