• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ош мэриясынын ипотекалык негиздеги көп кабаттуу үйлөрүнүн жаңы жобосу талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 08.02.21. /Кабар/. Ош шаарында салынып жаткан ипотекалык негиздеги үйлөрдүн жаңы жобосу талкууланды. Ага Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, муниципалдык ипотекалык ишканасынын жетекчиси Кутманалы Абдрахман уулу, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканаларынын кызматкерлери, мэриянын аппаратынын, профсоюздун өкүлдөрү, юристтер жана активисттер катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чаранын алкагында Кутманалы Абдырахман уулу жаңы жободогу маалыматтарга токтолуп, акыркы жылдарда ипотекалык турак жай менен камсыздоонун алкагында жүргүзүлгөн талдоо жана мониторинг иштерин эске алуу менен жаңы программанын долбооруна киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө айтып, өзгөчө муктаждыкта турган ар кандай категориядагы жарандарды колдоого басым жасалып жаткандыгына токтолду.

Жобонун долбоорун талкуулоодо Ош шаарынын мэриясынын жаңы ипотекалык программасынын долбоорунун түзүмдүк компоненти боюнча бир катар конкреттүү сунуштар айтылды.

Пикир

Оставить комментарий