• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси алмашты

Кадр саясаты 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. Керимбек Калыкулов конкурстук тандап алууга чейин Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койгон.

Керимбек Калыкулов буга чейин ОшМУнун "Нур" гезитинде редактор, "Үмүт" телестудиясынын жетекчиси кызматтарында жана Ош шаардык "Ош шамы" гезитинде башкы редактор, "ЭлТР", "ОшТВ" телеканалдарында башкы директор болуп эмгектенген.

Пикир

Оставить комментарий