• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош мэриясынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын Баткенге которот

Аймак 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын Баткен облусунун тургундарына которот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысы Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүү максатында атайын эсепке которулат. Жалпы сумма 170 миң сомду түзөт.

Мындан сырткары, Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүү үчүн президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын атайын эсеби ачылды.

Бул атайын эсепке коммерциялык уюмдар, банктар жана жарандар жардам көрсөтүү үчүн акча каражаттарын которо алышат.

Пикир

Оставить комментарий