• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош мэриясынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын көзү азиз төрөлгөн Нуркамиловдун эсебине которушат

Аймак 0

Ош, 14.03.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген мэриянын аппаратынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын көзү азиз төрөлгөн Нуркамилов Табарактын дарылануусуна материалдык жардам катары которот.

Мындай демилгени шаар мэри А.Кадырбаев көтөрүп, Ош шаарынын Кулатов кичи районунда батирде жашап жаткан Нуркамил уулу Асылбек аттуу мүмкүнчүлүгү чектелген (майып) жарандын жакында төрөлгөн уулунун дарылануусуна акчалай жардам көрсөтүүнү колго алды.

Ошондой эле, Айтмамат Кадырбаев өз үй-бүлөсүнүн атынан дагы акчалай жардам көрсөтөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий