• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош: Милициянын кайгуул кызматынын бош орундарына кабыл алуу боюнча тестирлөө жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 14.08.20. /Кабар/. 2020-жылдын 13-август күнү Ош шаардык ИИБ боюнча жаңы милициянын кайгуул кызматынын 219 бош кызмат орундарына талапкерлер тестирлөөдөн өтүштү. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сынак жаңы жарыялаган кезде 497 талапкер арыз жана билдирүүлөрүн тапшырышкан, анын ичинен 264 жөнөкөй жарандар.

Тестирлөөгө 471 талапкерге катышууга уруксат берилип, жеке көйгөйлөрүнө байланыштуу 378 талапкер катышып, жалпы билимди баалоо жана усулдук окутуу борборунун жыйынтыгы боюнча 310 талапкер тестирлөөнү ийгиликтүү өтүшсө, 67 талапкер өткөн эмес.

Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен талапкерлер «www. guobdd.kg» сайтында кирип таанышса болот.

"17-18-август күндөрү Ош шаарынын К. Маркс көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан А. Сүйүнбаев атындагы стадиондо тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлер физикалык даярдык боюнча нормативдерди тапшырат. КР ИИМдин ЖКККББ физикалык даярдык боюнча нормативдерди тапшырууга уруксат берилгендер тизменин негизинде таңкы саат 07:30 кечикпестен жогоруда көрсөтүлгөн дарекке келип калууларын суранат. Талапкерлер жанына спорттук кийимдерди жана өздүгүн тастыктай турган документтерди алып алуулары зарыл", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий