• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош: муниципалдык аймактык башкармалыктар санариптешет

Аймак 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Ош шаарындагы муниципалдык аймактык башкармалыктарды “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму менен интеграцияланган “Санарип аймак” тутумуна киргизүү максатында жыйын өткөрүлдү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ага вице-мэр Сонунбек Жунусбаев, МАБ жетекчилери катышты.

"Санарип аймак" тутуму муниципалдык аймактык башкармалыктарга туташтырылып, жеке жактардын муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түрдө алуусуна өбөлгө түзөт. Андыктан бул багыттагы аракеттерди күчөтүү, иш алып баруу тапшырмасы коюулуда.

Пикир

Оставить комментарий