• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ош: Мыйзамсыз курулуштардан бошотулган Абдыкадыров көчөсү оңдолот

Аймак 0

Бишкек, 22.01.20. /Кабар/. Ош шаарынын Анар жана Төлөйкөн кичи райондорунун ортосундагы Абдыкадыров көчөсүндө оңдоо иштери жүрөт, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасы менен аталган көчөдөгү мыйзамсыз курулуштар алынууда.

"Мыйзамсыз курулуштардан бошотулган жөө адамдар басуучу жолдор кеңейтилип, жашылдандыруу иштери аткарылат. Жолдун эки тарабындагы ирригациялык лотоктор жаңыланып, көчөнүн түнкү жарыктандыруу системасы жакшыртылат. Мындан тышкары көп кабаттуу үйлөрдүн сырты боёлот. Архитектура тарабынан эскиздик долбоор иштелип чыкты. Жакынкы айларда оңдоо иштери башталат", - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий